УАНА. Пакистандын Ооганстан менен чектеш жеринде жайгашкан пакистандык аскерлер менен “ал-каидачылар” ортосундагы согуш кайра башталды. Ал азыр айыгышкан мүнөздө өтүп жатканы маалымдалууда. Пакистандын куралдуу күчтөрүнүн өкүлдөрүнүн кечээ жасаган билдирүүсүнө караганда, өткөн аптанын шейшемби күнү башталган бул согушта кечээ 2 күндүк тыныгуу жарыяланган болчу.
Пакистандын аскер күчтөрүнүн жетекчилеринин айтымында, чегарага жакын бир тургундун үйүнөн чегараны көздөй салынган узундугу 2 чакырым туннел табылган. Туннел согушчандардын лидери согуш болуп жаткан жерден чыгып кетүү үчүн салынганы айтылууда. Пакистандын жана Ооганстандын ырасмий адамдары курчоого алынгандардын ичинде, мурда кабарлангандай, “ал-каидачылардын” лидерлеринин бири болгон Айман аз-Завахири эмес, улуту өзбек, Өзбекстан ислам кыймылынын жетекчиси Тахир Юлдашев бар деп да айтып жатышат.