Линктер

жума, 22-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 19:44

Ахмед Яссиндин өлүмүнө байланыштуу билдирүүлөр түшүүдө


БРЮССЕЛ. “Хамас” уюмунун лидери Ахмед Яссиндин өлтүрүлүшүнө байланыштуу бүгүн Британиянын тышкы иштер министри Жек Стро Израилди айыптап, “мындай кылууга жол берүүгө мүмкүн эмес эле” деди. Ал “Израил өзүн коргоого акылуу, бирок анын эларалык мыйзамдарды бузушу туура эмес” деп кошумчалады өз сөзүн.

АКШнын мамлекеттик департаменти израил-палестин жаңжалынын катышуучуларын сабырдуулукка чакырды. Япония, Австралия жана башка көптөгөн өлкөлөр да ошондой эле мазмундагы кайрылуу кабыл алышты.
Араб өлкөлөрү болсо Яссиндин өлүмүнө байланыштуу Израилди айыптап чыгышты. Иран Яссиндин өлтүрүлүшү Израилдин “айбанчылыгы жана террордук мамлекетке айланганынын белгиси” деп баалады.
XS
SM
MD
LG