Линктер

бейшемби, 21-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 14:58

Польшада террорчу деп шектелген чет элдиктер кармалды


Польшанын полициясы кечээ күнү террорчулар менен байланышы бар деп шектелген үч пакистандыкты жана бир украиналык жаранды суракка алды.
Полиция өкүлүнүн маалымдашынча, алардын бири жашаган бөлмөдөн табылган картада Польшадагы чоң базарлар, Варшаванын синагогу жана айрым өлкөлөрдүн элчиликтери тегерете белгиленип коюлган экен.

Дублинде кечээ күнү Европа өлкөлөрүнүн полиция жетекчилеринин терроризмге каршы күрөшүүгө арналган жыйыны башталды.

Мадридде болсо Британия, Франция, Германия, Италия жана Испаниянын чалгындоо кызматтарынын башчылары терроризм маселесин талкуулоого чогулушту.

Ал эми Брюсселде Евробиримдиктин тышкы иштер министрлери террорчулукка каршы күрөштүн чараларын бекитишти.

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында жарыялаган онлайн сынак аяктады. Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. ​

XS
SM
MD
LG