Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:02

”РУХНАМЕГЕ” МУФТИЙ ДА АКААРАТ КЫЛА АЛБАЙТ


Сапар Орозбаков, Прага Түркмөнстандын мурдагы муфтийи Насрулла ибн Ибадулла түрмөдө отурат. Бирок анын камалышынын чыныгы себеби ушу убакка чейин белгисиз калууда. Айрым укук коргоочулар Насрулла ибн Ибадулла молдо түркмөн президентинин “Рухнамесине” каршы оюн билдиргени үчүн куугунтукка алынып жатса керек деп жоромолдошот.

Түркмөнстандын мурдагы муфтийи Насрулла ибн Ибадулла түрмөдөгү уруп-сабоодон кийин ушул айдын башында 22 жылга соттолгон болчу. Улуту өзбек, 56 жаштагы Ибадулла совет мезгилинде Бухаранын медресесинде окуп, кийин окуусун Египетте жана Сирияда уланткан. Аны белгисиз себептер менен 2003-жылдын январында иштен бошотушуп, ордуна 35 жаштагы улуту түркмөн Какагели Вепаевди дайындашкан.

Ибадулланын түрмөгө отургузулуш себептери ушу убакка чейин айкын эмес. Бир гана 2002-жылдын ноябрындагы президент Сапармурад Ниязовго кол салууга аракет кылгандардын арасында бар деген жоромол бар. Өлкөнүн мурдагы тышкы иштер министри Борис Шихмурадов өзүнүн китебинде Ибадулланы төңкөрүшчүлөрдүн негизгиси катары көрсөткөн. Бирок Шихмурадов болсо өзүнүн китебин ал төңкөрүштүн башкы уюштуруучусу катары айыпталып, түрмөдө отурганда жазган.

- Ибадуллага каршы айып Шихмурадовдун китебинде жазылган. Шихмурадов “ал төңкөрүшчүлөр менен байланышып, Ниязовдун бийлиги кулагандан кийин Ислам мамлекетин курууну ойлогон” деп жазган, – дейт "Мемориал" адам укуктарын коргоо борборунун Борбор Азия боюнча жетекчиси Виталий Пономарев.

Мурдагы совет республикаларындагы жана чыгыш Европадагы дин эркиндигин коргоо боюнча “Форум 18” уюмунун жаңылыктар бөлүмүнүн редактору Феликс Корли "муфтий Ибадулла эмне үчүн азыр соттолуп жатат” деген суроо коет. Анын айтуусу боюнча, 2002-жылкы окуядан кийин дароо суракка алынган. Корли аны камоо зарыл болсо, ошол кезде эле оңой ишке ашырылмагын белгилейт. Корлей Ибадулланын түрмөгө камалышы анын Ниязовдун “Рухнаме” деген китебин Түркмөнстандын мусулман диний мекемелерине таңуулоого аракеттерге каршылык көрсөткөнүнө байланыштуу болсо керек деп божомолдойт:

- Ниязов жазды деп айтып жатышкан “Рухнаме” – моралдык кодекс сыяктуу нерсе. Ал мектептердин, иш орундардын, жогорку окуу жайлардын баарына киргизилген. Ниязов имамдардан эл жума намазга жыгылганда андан үзүндүлөрдү келтирүүнү талап кылып жатат. Айрым имамдар Куранды “Рухнамеге” алмаштыргысы келбей, мечиттерден кетип калышты.

Ушу тапта “Рухнаме” мечиттердин баардыгынын кире бериш жериндеги көрүнүктүү жерге коюлган. Мечитке киргендер бир аз токтоп, бул ыйык деп эсептелген китепке колун тийгизип өтүшү зарыл. Бул тууралуу көрсөтмө мечиттерге гана эмес, орус чиркөөлөрүнө да берилген.

XS
SM
MD
LG