Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:07

Жалалабадда Айрекс уюму семинар өткөрдү


ЖАЛАЛАБАД. 23-мартта АКШнын коммерциялык эмес Айрекс (IREX) уюму облуста эки күндүк семинарды баштады. Айрекс уюму каржылаган дистанциялык окуу семинарына облустагы эркин жана мамлекеттик, жеке менчик, тармактык басылмалардын редакторлору менен кабарчылары катышууда. Алгачкы күнү эл аралык талапка дал келээр жаңылык, макалалардын түрлөрү, аларды даярдоонун талап-максаттары жана мазмуну жөнүндө сөз жүрдү. Дүйнөлүк коомчулукту кызыктыраар окуяны издеп таап, иргеп алуу, ага тиешелүү тараптардын ой-пикирлерин, фактыларын топтоо, салыштыруу, шилтеме жасоо, калемгердин жоопкерчилиги жөнүндө ортого салынды. Журналисттерге көнүгүү үчүн тапшырмалар берилип, алар талкууланды.

XS
SM
MD
LG