ОШ. Иш сапары негизинен Ош шаарында Европа өнүктүрүү жана кайра куруу банкынын бөлүм кеңсесин ачууга багытталды. Бөлүм кеңсеси үчүн тандалып алынган имарат жайдын ремонт жасалга иштери менен таанышты. Кеңсе шаардын Кыргызстан көчөсүндө жайгашууда жана келечекте Европа өнүктүрүү банкынын Кыргызстандын түштүк облустары менен жакындан иштешүүсүнө мүмкүндүк түзөт. Даниел Берик мырза Ош облус губернатору Накен Касиевдин кабыл алуусунда болуп, Ош облусунун соңку жылдардагы социалдык-экономикалык акыбалы тууралуу кенен маалымат алды жана Европа өнүктүрүү банкы Ош, Жалалабад, Баткен облустарынын мындан ары Инэксимбанк, Кыргызстан акционердик коммерциялык банкы аркылуу каржылай тургандыгын кабарлады. Европа өнүктүрүү банкы өткөн жылы эле Ош облусунда бир миллион сомдон ашык кредиттик жардам көрсөткөн. Бул сумма быйылкы жылы кыйла өсөт.