Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:27

Баткендин губернатору мектеп окуучулар менен жолугушту


БАТКЕН. 23-мартта Баткен облусунун губернатору Аскарбек Шадиев облустагы алдыңкы мектеп окуучулары менен жолугушту. Жолугушууга быйылкы жылдагы республикалык олимпиадада байгелүү орундарды ээлеген облустагы 20 мектеп окуучусу катышты. Анда облус губернатору Аскарбек Шадиев мындай ийгиликтери менен окуучуларды куттуктап, аларды терең билим алууга чакыруу менен эл керегине жараган мыкты инсандардан болуп, жетилүүсүнө тилектештигин билдирди. Ошондой эле бул мектеп окуучуларына жана алардын мугалимдерине облусттук акимчиликтин ардак грамоталары, баалуу белектер берилди. Жолугушууда алдыңкы мектеп окуучулары үчүн губернатордун стипендиясы уюштурулгандыгы да маалымдалды. 500 сом өлчөмүндөгү бул стипендия мындан ары ар бир чейрек сайын облустагы беш мыкты мектеп окуучусуна берилип турмакчы.

XS
SM
MD
LG