Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:53

«Демократия үчүн» Фонду саясатчылар менен жолугушууларды өткөрө баштады


БИШКЕК. Бүгүн Бишкекте «Демократия үчүн» Фонду тарабынан өлкөдөгү белгилүү саясатчылардын алгачкы жолугушуу-форуму өткөрүлдү. Ага «Акыйкат жана прогресс» партиясынын төрагасы, өлкөнүн мурдагы тышкы иштер министри Муратбек Иманалиев, «Атамекен» социалисттик партиясынын төрагасы, парламенттин депутаты Өмүрбек Текебаев, бир катар саясий партиялар менен бейөкмөт, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты. Мында өлкөдө адам укуктарынын сактылышы, коррупцияга каршы күрөшүүгө атуулдук коомдун катышуу деңгээли жана башка маселелер талкууланды. Ал эми бул жыйынга катышкан Грузиянын парламентинин өкүлү Отар Канделаки жана Азербайжандын журналист-экономисттеринин кеңешинин төрагасы Губад Байрамов Грузия менен Азербайжандагы азыркы саясий-экономикалык абал, бул өлкөлөрдө коррупцияга каршы күрөшүүнүн жолдору жөнүндө кеңири маалымат беришти. Отар Канделаки белгилегендей, учурда Грузияда коррупцияга каршы күрөш ыкчам түрдө жүргүзүлүүдө жана бир катар министрлер азыр камакта жатат. «Демократия үчүн» Фондунун тең төрайымы Төлөйкан Исмаилова маалымдагандай, мындай жолугушуулардын башкы максаты-2005-жылы Кыргызстанда татыктуу президентти тандап алууга коомчулукту даярдоо болуп эсептелет. Өлкөнүн белгилүү саясатчылары менен форум-жолугушуулар мындан ары да өткөрүлөт, дейт ал.

XS
SM
MD
LG