БИШКЕК. Билим берүү министри Ишенгүл Болжурова өзүнүн арызынын негизинде кызматынан бошотулду. Бул жөнүндөгү жардыкка өлкө башчысы кол койгондугу тууралуу бүгүн президенттин маалымат кызматынан кабарлашты. Буга чейин, Аскар Акаев тарабынан сунушталган өкмөттүн түзүмү жөнүндөгү мыйзамга ылайык, Ишенгүл Болжурова билим берүү министринин кызматын убактылуу аткаруучу болуп дайындалган.