Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:44

Эл өкүлдөр жыйынынын кезектеги сессиясы башталат


БИШКЕК. Эртең кыргыз парламентинин Эл өкүлдөр жыйынынын кезектеги сессиясы башталат. Палатанын бул күнкү отурумунда өкмөттүн түзүмү жөнүндөгү мыйзамга ылайык, президент тарабынан сунушталган өкмөт мүчөлөрү бекитилет. Өлкөнүн биринчи вице-премьер-министрлигине Кубанычбек Жумалиевдин, социалдык маселелер боюнча вице-премьер-министрликке Уларбек Матеевдин, экономикалык өнүгүү, өнөр жай жана соода министрлигине Амангелди Муралиевдин, Эсептөө палатасынын төрагалыгына Дамир Оскөнбаевдин, билим берүү министрлигине Мустафа Кидибаевдин дайындалышына парламенттин жогорку палатасынын макулдук бериши күтүлүүдө. Жыйында, ошондой эле, өлкөнүн Улуттук банкынын төрагасы Улан Сарбановдун отчету угулуп, Кыргызстандагы маалыматтык коопсуздук маселеси каралат. Эл өкүлдөр жыйынынын 19-сессиясы адаттагыдай эле эки апта бою уланат жана анын күн тартибине 30дан ашуун маселе киргизилген.

XS
SM
MD
LG