ВАРШАВА. Германиянын канцлери Герхард Шрөдер Еврошаркеттин Конституциясы боюнча орток пикир июндун аяк ченине чейин жетишиле турганын билдирди. Бүгүн Варшавада Польшанын премьер-министри менен сүйлөшкөн немис канцлери тараптар пикир келишпестиктерди Ирландиянын Еврошаркеттеги төрагалыгы соңуна чыккыча жойууга ниеттенгенин айтты. Ал эми Польшанын премьери Лежек Миллер мунасага келүү үчүн Польша ачык диалог жүргүзүүгө даяр экенин кошумчалады. Конституциянын долборунда камтылган добуш берүү жөнүндөгү беренеге нааразы болгон Польша менен Испания декабрь айында Конституциянын кабыл алынышына бөгөт болушкан.