Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:37

Ооганстандын авиация министринин тажыясына миңдеген адамдар катышты


КАБУЛ. Ооганстандын авиация министри, Герат вилайетинин акиминин уулу Мирваис Садыктын тажыясына миңдеген адамдар катышты. Герат аймагындагы ахвалды турукташтыруу үчүн ооган өкмөтү чөлкөмгө кошумча 750 аскерин жиберди. Кечээтен бери бул чөлкөмгө жиберилген аскерлердин саны 2 жарым миңге жетти. Президент Хамид Карзайдын өкүлү Садыктын өлүмүнүн себептери иликтенип жатканын айтты. Өлкөнүн президентинин өкүлү Герат чөлкөмүндө аптанын соңунда болгон салгылашууларда 40тай киши курман болгонун айтып, өлкөнүн өкмөтү бийлик талашкан чар жайыт топторду куралсыздандыруу үчүн чечкиндүү аракеттенээрин кошумчалады.

XS
SM
MD
LG