Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Август, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:51

Пакистан аскерлеринин өлкөнүн түштүгүндөгү антитеррордук иш-аракети улантылууда

ВАНА (WANA), ПАКИСТАН. Өлкөнүн өкмөттүк аскерлеринин камоолунда калган куралчан топтор өткөн түнү контрчабуулга өтүштү. Эки ортодогу салгылаштарда 15 өкмөттүк аскер курман болду. Пакистандын өкмөттүк аскерлери Вазиристан чөлкөмүндө «ал-Кайида» согушкерлери деп шектелген куралдуу топтор менен салгылашып жатышат. Пакистандын аскердик жетекчилиги чөлкөмдө жашынган «ал-Кайиданын» ана башчысын жүздөгөн куралчандар коргоп жатканын билдирип, чөлкөмдөгү аскердик операцияга эл аралык коомчулуктун көңүлүн бурду.
XS
SM
MD
LG