ЛОНДОН. “Хюман Райтс Уотч” укук коргоо уюму Европанын Кайра Куруу жана Өнүктүрүү банкынан (ЕКӨБ) Өзбекстанга насыя берүүнү кийинкиге калтыруусун талап кылды. Укук коргоо уюму бул өлкөгө насыя берүүнүн шарттарын иштеп чыгуу керек экенин айтат. Уюмдун көз карашында, банк жумурияттан ачык болуусун, маалымат каражаттарынын эркиндигин камсыздоосун, коомдук уюмдардын эркин иш жүргүзүп, каттоодон тоскоолдуксуз өтүүсүн талап кылуусу абзел. Европанын Кайра Куруу жана Өнүктүрүү банкы Өзбекстанга былтыр 31 миллион доллар насыя берип, бул насыя эки эсеге көбөйтүлүүсү мүмкүн экенине ишаара кылган.