Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:11

НАТОнун Балтикадагы пландарына Россия тийешелүү чара көрөт


МОСКВА. Эгерде НАТО Балтика өлкөлөрүндө аба чабуулунан коргонуу жабдуулары менен аскердик учактарын жайгаштыра турган болсо, Россия буга тийешелүү чара көрөт. Бул жөнүндө Россиянын тышкы иштер министрлигинин өкүлү Александр Яковенко билдирди. Өткөн жумада Дания Балтикадагы үч жумурият Еврошаркетке өтүп жаткан учурда чөлкөмдү абадан күзөтүү үчүн аймакка аскердик учактарын жибере турганын билдирген эле. Буга Яковенко андай чара Россиянын коопсуздугуна тикелей шек келтирээрин жана анын өлкөсү буга жооп иретинде тийешелүү чараларды көрө турганын билдирген. Февралда Россиянын коргоо министри Сергей Иванов НАТОдон Польша менен Балтика жумурияттарына аскер жайгаштырбоосун талап кылган.

XS
SM
MD
LG