СОФИЯ. Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун төрагасы Косоводогу баш аламандыктар чөлкөмдүн Улуттар Уюмунун көзөмөлү астында кала берүүсүн шарттайт деп билдирди. Уюмга төрагалык кылып жаткан Болгариянын тышкы иштер министри Соломон Пасси 28 кишинин өлүмүнө алып келген зордукчул аракеттер алдын-ала пландаштырылганын айтып, мындай баш аламандыкты "албан экстремизми" деп сыпаттады. Пасси кандуу калаба шыкакчыларын мыйзамдуу жазага тартууну талап кылды.