Америка Кошмо Штаттардын Мамлекеттик катчысынын жардамчысы Уильям Бөрнс кечээ күнү Ливияга келди.
Бөрнс акыркы 30 жылдан ашуун мезгилде Ливиянын лидери Муамар Кадафи менен кездешкен биринчи АКШлык мартабалуу конок.
Ливиянын JANA агенттигинин маалымдашынча, Бөрнс Кадафиге президент Буштун катын тапшырды. Катта, Бөрнстүн сөзү менен айтканда, “эки жактуу байланыш жана эл аралык кырдаал” тууралуу сөз болот.
Бөрнс Ливиянын тышкы иштер министри менен жолукканда Вашингтон Ливиянын кыргын салчу куралдарды жасоо ниетинен баш тартуусун колдой турганын билдирген.
Мамлекеттик департаменттин өкүлү Ричард Боучер кечээ билдиришинче, Бөрнстүн сапарынын максаты АКШ-Ливия ортосундагы мамилени нормалдуу жолго салуу.
Улук конок Триполиден мекенине бүгүн кайтат.