Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:18

Апрель айынан тарта Бишкек-Баткен аба каттамы кайра ачылат


БАТКЕН. Ушул жылдын апрель айынан тарта Бишкек-Баткен аба каттамы жүргүзүлө баштайт. Жаңыдан түзүлгөн облусттук аба майданынын жетекчиси Кубанычбек Машраповдон 24-мартта алынган маалыматка караганда, республиканын эң алыскы Баткен облусунун калкына аба унаанын кызматын көрсөтүү менен элдин өлкө борборуна каттосуна жеңилдетүү максатында 5-апрелден тартып Бишкек-Баткен-Бишкек аба каттамы жүргүзүлө баштайт. Аны "Алтын Эйр" авиакомпаниясы жүзөгө ашырмакчы. Каттам жумасына бир жолу, аптанын дүйшөмбү күндөрү болот. Эгер жүргүнчүлөрдүн саны көбөйсө дагы кошумча каттамдар жүргүзүлмөкчү. Ал эми жол кире акысы Бишкек-Ош аба каттамынын наркы менен бирдей. Тактап айтканда 1600-1900 сомдун тегерегинде болот. Мындан сырткары облустагы жана кошуна өлкөлөрдөгү соодагерлер үчүн Баткен-Ош-Үрүмчү багытындагы чартердик аба каттамын уюштуруу жагы да каралууда.

Жаңылыктар түрмөгүн Бүбүкан Досалиева, Айданбек Акмат уулу жана дубандардагы кабарчылар даярдашты.

Редактор - Кубат Оторбаев.

XS
SM
MD
LG