Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:38

Талас облустук координациялык кеңештин жыйыны өттү


ТАЛАС. Талас облустук координациялык кеңештин көчмө отуруму 24-март күнү Карабуура районунда өттү. Талас облусттук күч колдонуу жана фискалдык органдардын жетекчилеринин катышуусу менен өткөн отурумда Карабуура районундагы кылмыштуулуктун абалы талкууланды. Ага айыл өкмөт башчылары, аксакалдар сотторунун төрагалары, участкалык инспекторлор да катышты. Отурумда талкууланган маалыматтарга караганда райондо оор кылмыштын саны өсүп кеткен. Мал уурулук боюнча адамдарга келтирилген чыгымдардын ордун толтуруу өтө төмөн. Аксакалдар сотторунун, сакчы кошуундардын иштери начар. Өспүрүмдөр, аялдар арасындагы маңзаттар менен байланыштуу кылмыштуулук да төмөндөбөй жатат. Райондук администрация бул маселелерди көңүл борборунан чыгарып, өткөн жылдагы 12 жолку коллегиянын бирөөсүндө гана учкай талкуулаган. Ушул багыттагы начар иштери үчүн район акими Курманбаев, прокурору Кыдыралиев, милиция начальниги Алдашевдин иштери жетишээрлик эмес деп бааланды жана алты айдын жыйынтыгы менен кайрадан талкууга коюла турган болду.

XS
SM
MD
LG