Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:29

Нарын районуна караштуу Чоңбулак айылын суу каптады


НАРЫН. Бир жумадан ашык жааган жаандын кесепетинен аталган айылдын 25 үйүн суу каптады. Эки күн тынбай айыл аралап аккан суунун айынан айыл жашоочуларынын үйлөрүнөн жарака кетип, короо-сарайлары кулап, жазгы айдоого даярдалган картошканын, буудайдын үрөндөрү айыл тургундарынын сактап калуу аракетине карабай жараксыз болуп калды. Айылдын бул бөлүгүн мурда суу каптачу эмес. Быйылкы жылдагы кардын калыңдыгынан талаа суулары каптады. «Малдын төлдөө убагы болгондуктан майда жандыктарыбыз өлдү, бирок сууга аккан төрт жашар балабыз аман калганына шүгүр», дешет айыл жашоочулары. Ал эми Жанбулак айыл өкмөтүнүн жер боюнча адиси Конокбай Мукашевдин айтымында, суу каптаган үйлөрдүн 12сине акты түзүлүп, түзүлгөн комиссия айылдыктар тарткан зыянды эсептөөдө.

XS
SM
MD
LG