Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Июнь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:36

24-март кургак учукка каршы күрөштүн бүткүл дүйнөлүк күнү


БИШКЕК. Бүгүн кургак учук дартына каршы күрөшүүнүн бүткүл дүйнөлүк күнү. Бул күнү Кыргызстандын саламаттык сактоо министрлигинин, АКШ өкмөтүнүн Кыргызстандагы кургак учукту көзөмөлдөө программасынын жана башка эларалык уюмдардын өкүлдөрү маалымат жыйынын өткөрүшүп, ооруга каршы күрөш тууралуу маалымат беришти. Алардын маалыматына караганда, 2003-жылы Кыргызстанда бул дарт менен ар бир 100 миң адамдын 123ү ооруган. Анын ичинен 12си каза болду. Кургак учук дарты социалдык оору болгондуктан ага каршы күрөшүүгө АКШнын өкмөтү баштаган бир катар эларалык уюмдар өз программаларын ачып, акыркы эле беш жылдын ичинде АКШ 3 миллион доллар, Германия 5 миллион немец маркасын берди. Өткөн жылдан тарта БУУнун Глобалдык фонду тарабынан 2 миллион 700 миң доллар бериле баштады. Кургак учук илим изилдөө институнун директору Автандил Алишеровдун айтымында, кыргыз өкмөтү жылына бөлгөн 230 миллион сомдун 30-40% гана колго тийүүдө.

XS
SM
MD
LG