Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июнь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:08

Кыргыз депутаттары Венгрияга аттанат


БИШКЕК. Жогорку Кеңештин кош палатасынын тогуз депутаты 28-марттан 2-апрелге чейин Венгрияда иш сапарда болушат. Мындай маалымат бүгүн БУУнун Өнүгүү программасынан алынды. Ал маалыматка караганда, кыргыз парламентарийлери Венгрияда болуп, бир палаталуу парламентте комитеттерди түзүү жана иш башкаруу жаатында тажрыйба алмашышат. Анткени Венгриянын бир палаталуу парламенти ишти ырааттуу уюштуруу жагынан зор тажрыйбага ээ болгон. Ал эми кыргыз парламентарийлеринин тажрыйба алуусуна 2005-жылы Жогорку Кеңештин Конституциянын жаңы редакциясына ылайык бир палата болуп өзгөрө тургандыгы түрткү берди.

XS
SM
MD
LG