Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:58

Кыргызстандыктар Либерияда кызмат кылышат


БИШКЕК. Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин үч кызматкери, Улуттук гвардиясынын бир өкүлү Либерияда тынчтык орнотуу ишине катышат. Бул тууралуу тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты. Бириккен улуттар уюмунун сынак жүргүзүү боюнча тобу 14-17-мартта Бишкекте иштеп, Либерияда атуулдук полиция кызматкери катары иштөөгө тестирлөө жолу менен төрт кыргызстандыкты тандап алышкан. Алар жергиликтүү полиция кызматкерлерине кеңеш берет, эларалык макулдашуулардын аткарылышын көзөмөлдөйт. Кыргызстандык тынчтык орнотуучулар Косоводо да бир нече жылдан бери иштеп келатат.

XS
SM
MD
LG