ОШ. 24-мартта Ошто Улуубританиянын Кыргызстандагы элчиси Жеймс Лэйл Шарп журналисттер менен жолугушту. Анда Джеймс Лэйл Шарп мырза түштүктөгү улуттар аралык чегара көйгөйлөрү, маңзаттарынын түштүк аркылуу өтүү жолу, ВИЧ-инфекциясы тууралуу айтып, Кыргызстандагы маанилүү маселелердин көпчүлүгү түштүктө болооруна токтолду. Анын айтымында Британия өлкөсүнүн өкмөтү түштүктөгү көйгөйлөрдү чечүү үчүн бир топ долбоор жана программалардын үстүндө иштеп жатат. Мындан башка өткөн жылы Британия өкмөтү тарабынан Фергана өрөөнүндөгү массалык маалымат каражаттарын өнүктүрүү үчүн атайын долбоордун негизинде 200 миң доллар бөлүнгөн. Ошондой эле элчи мырза журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, Кыргызстандын президенти Аскар Акаевдин кийинки шайлоого катышаар же катышпас маселесине токтолду. Анын айтымында, эгер Аскар Акаев шайлоого катышпаса, анда Борбордук Азия өлкөлөрүнө бийликтин тынчтык жолу менен алмашуусун көрсөткөн эң чоң үлгү болмок. Анын сөзү боюнча Британия өкмөтү да Кыргызстанда бийликтин ушундай жол менен алмашуусун күтөт.