БИШКЕК. Бүгүн Бишкекте парламенттин ишмердүүлүгүн массалык маалымат каражаттарынын чагылдырышына арналган «тегерек үстөл» жыйыны болду. Аны Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун, АКШнын демократиялык институтунун жана Швейцариянын «Симера» агенттигинин Бишкектеги өкүлчүлүгү биргелешип уюштурду. Жыйынга Мыйзам чыгаруу жыйынынын спикери Абдыганы Эркебаев баштаган депутаттар, президенттин басма сөз катчысы, эларалык эксперттер, журналисттер жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү катышты. Анда парламент менен ММКнын өз ара кызматташуусу, чатакты сот жараяндарына жеткирбей чечүү жолдору тууралуу сөз болуп, депутаттар журналисттерди парламентти сындоого, бирок негиздүү жана кесипкөй сын айтууга чакырды. Алардын айтымында, "Кылмыш-жаза кодексинен" ушак-айың тараткандыгы үчүн журналисттерди жоопко тартуу тууралуу беренени алуу али эртелик кылат, анткени журналисттер арасында кесиптик этиканы сактоо начар. Ал эми журналисттер парламент дароо соттошууга барбай өзүнүн маалымат саясатын жүргүзүшү керек деген сунуш айтышты.