Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:35

Эл өкүлдөр жыйынынын 19 сессиясы башталды


БИШКЕК. Бүгүн Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын 19-сессиясы башталды. Анын күн тартибине 78 маселе киргизилди. Алардын арасында өкмөттүн структурасынын өзгөргөнүнө байланыштуу жаңы мүчөлөрүнүн дайындалышына жана соттордун иштөөсүнө макулдук берүү, Улуттук банктын төрагасынын отчетун угуу, маалымат коопсуздугунун абалын талкуулоо жөнүндөгү орчундуу маселелер бар. Палата күн тартибин бекиткен учурда депутат Болот Байкожоевдин өкмөттүн иштеши жана анын айрым мүчөлөрүнүн дайындалышына макулдук берүү мыйзамдуубу деген пикири боюнча талкуу жүрдү. Суроого премьер-министр Николай Танаев, юстиция министринин биринчи орун басары Эркин Мамыров жооп беришти. Алар өкмөттүн жаңы дайындалган мүчөлөрүнө макулдук берүү өтүнүчү мыйзамдуу, ага 1997-жылы кабыл алынган «Өкмөт жөнүндө» мыйзам негиз берет деп билдиришти. Узак талкуудан кийин депутаттар "Өкмөттүн структурасы жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизүүгө киришти.

Конституция боюнча премьер-министр, вице-премьерлер жана министрлер өкмөткө кирет, бирок "Өкмөт жөнүндө" мыйзамга ылайык алар өкмөттүн структурасына кирбейт. Көпчүлүк депутаттардын ою боюнча, бул - мыйзамдык кемчилик.

XS
SM
MD
LG