Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:37

Грузия ажар лидеринин дипломатиялык паспортун жараксыз деп жарыялады


Бүгүн муну Тбилисиде тышкы иштер министрлигинин өкүлү ырастап, Аслан Абашизде менен бирге анын уулу, Батуминин шаар башчысы Гиоргий Абашидзенин, Ажариянын ички иштер министри Жемал Гогитидзенин дипломатиялык паспорттору да жараксыз деп табылгандыгын кошумчалады. Кандай себептен улам мындай чечим кабыл алынгандыгын тышкы иштер министрлигинин өкүлү тактаган жок. Ажар бийликтери Тбилисинин бул чечими тараптардын жакында эле басылган жаңжалын кайра ырбата тургандыгын эскертишти.

XS
SM
MD
LG