Грузиянын президенти Михаил Саакашвили кечээ күнү Ажариянын президентин күнөөлөп, ал өз республикасын коргоо үчүн жалданма аскерлерди пайдаланууга даярданып жатат деп билдирди. Ажар президенти Аслан Абашидзенин айтымында, Саакашвили койгон күнөө түшүнүксүз. Анткен менен Грузия жетекчилиги Абашидзенин, анын уулунун жана Ажариянын ички иштер министринин дипломатиялык паспортторун жокко чыгарды.
Таңкы жаңылыктар түрмөгүн даярдаган – Нарын Айып, Прага шаары.
Таңкы жаңылыктар түрмөгүн даярдаган – Нарын Айып, Прага шаары.