Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:43

Европа Биримдигинин жетекчилеринин бири Хавье Солана Косового келип кетти


Европа Биримдигинин тышкы иштер боюнча өкүлү Хавье Солана кечээ күнү Косового келип, президент Ибрагим Ругова жана премьер-министр Байрам Режепи менен жолукту. Солананын айтымында, өткөн аптада болгон мыйзам бузуулардын уюштуруучулары табылууга тийиш жана кийин Косово жетекчилиги аларды эч качан коргобош керек. Мындан эки апта мурда эки күндүн ичинде 33 ар башка жерде кагылышуулар болуп, 28 серб өлтүрүлүп, үч жарым миңден ашык серб үйлөрүнөн кууп чыгарылган.

XS
SM
MD
LG