Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:34

'Хамас' уюмунун жетекчисин өлтүргөнү үчүн, Израилге каршы митингдер өтүүдө


Бейрут, Мисир жана Палестинада кечээ күнү Израилге каршы демонстрациялар болуп өттү. Алардын миңдеген катышуучулары - 22-мартта Израил аскерлери "Хамас" уюмунун руханий жетекчиси шейх Ахмед Ясинди ракета менен атып өлтүргөнүнө каршылык билдирди. Бириккен Улуттардын Коопсуздук Кеңеши Израилдин бул аракетин сынга алган резолюциянын долбоорун талкуулап жатат. Израилдин тышкы иштер министри Силван Шаломдун айтымында болсо, террорчуларга каршы мындай аракеттер - аларды соттогондон да артык жана эгер мүмкүнчүлүк болсо АКШ дагы Усама бин Ладенге каршы ракета атмак: "Менин ишенимимде, шейх Ясин жок кылынгандан кийин дүйнөдөгү коопсуздук бир кыйла чыңалды. Аны менен террорчулардын жетекчилеринин - торрорго каршы согушта эл аралык коомчулук утуп чыгаарына көзү жетүүгө тийиш". Коопсуздук кеңешинде вето укугуна ээ АКШ Бириккен Улуттардын резолюциясын колдобой коюшу мүмкүн.

XS
SM
MD
LG