Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:11

АКШ өкмөтүнүн мурдагы кеңешчиси Ричард Кларк президентти катуу сынга алууда


2001-жылдын 11-сентябрында АКШга каршы жасалган террор аракеттеринин себептерин караштырган көз карандысыз комиссиянын угуулары Вашингтон шаарында уланууда жана кечээ күнү комиссия алдында Ак үйдүн террорчулук маселелери боюнча мурдагы кеңешчиси Ричард Кларк чыгып сүйлөдү. Анын айтымында, Иракка согуш баштоо менен президент Жорж Буш эл аралык террорчулукка каршы күрөштү алсыратты: "Президентке каршы мен катуу сын айтканымдын себеби - ал тууралуу комиссия менден сураган жок, бирок ал жөнүндө мен өз китебимде көп жаздым - Иракка кол салуу менен Америка Кошмо Штаттарынын президенти эл аралык террорчулукка каршы жүргүзүлүп жаткан күрөштү өтө алсыратты".Кечээ күнү комиссия алдында Борбордук чалгындоо агенттигинин деректири Жорж Тенет да чыгып сүйлөп, террорчулукка каршы АКШ өкмөтү бардык мүмкүн болгон чараларды көргөн деп билдирди.

XS
SM
MD
LG