БИШКЕК Бүгүн Демократиялык коопсуздук кеңешинин кеңсеси президент Аскар Акаевдин катышуусу менен ачылды. Кеңсе Бишкектеги Кыргызстан элдеринин достук үйүнөн орун алды. Мындай расмий иш чарадан кийин президент Акаев элдердин достугунун үйүндө ар кыл улуттардын маданий борборлорунун лидерлери менен жолугушту. Ал эми эртең менен мамлекет башчы өкмөт үйүндө өлкөнүн батыш мамлекеттердеги элчилерин кабыл алып, алардын ишмердүүлүгүн активдештирүү маселесин козгоду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.