Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:40

Жер көчкү менен кар көчкү коркунучу дагы эле күч


БИШКЕК. Бүгүн Каракулжа районунун Карагуз айыл өкмөтүнүн аймагындагы Түшүнүк деген айылдын Жээнбай участкасында жер көчкү болуп, Асылбек Искендеров аттуу тургундун үйүн басып калды. Үйдүн ээси ал жерден 1996-жылы көчүрүлгөндүктөн жабыр тарткандар болгон жок. Аталган жерде андан башка беш үйдү көчкү басып калуу коркунучу бар. Күтүүсүз кырдаалдар боюнча райондук комиссия ал үйдө жашагандарды тезинен көчүрүү аракеттерин көрүп жатышат. Жалалабад облусунун Чаткал, Тогузторо райондорунда да кар көчкү жүрүшү ыктымал. Тогузторо районунун Казарман-Акталчат жана Казарман-Кошдөбө автожолдору кардын калыңдыгынан жабылды. Мындай маалымат бүгүн Күтүүсүз кырдаалдар министрлигинен алынды.

XS
SM
MD
LG