Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:44

Радиожыштыктар боюнча мамлекеттик комиссия ОшТВ телеканалын 5-каналдан 23-каналга которду


ОШ. Мамлекеттик комиссиянын которуу тууралуу токтомунун көчүрмөсү ОшТВ телекомпаниясынын башкы директору Халилжан Кудайбердиевге тапшырылды. ОшТВ 23-каналдан берүүлөрүн чыгарыш үчүн 42 миң долларлык жабдуу керек. Андай көлөмдөгү акча ОшТВда азырынча жок. Андыктан аталган телекомпания жамааты, Оштогу журналисттер тобу, Өзбек маданий борбору жана башка жамааттар ОшТВны 5-каналда калтыруу боюнча президентке кат жолдошкон. 23-март күнү дал ушундай сураныч катты Жогорку Кеңештин түштүк облустарынан шайланган депутаттары да премьер-министр Н.Танаевдин колуна тапшырышкан. Бирок, бир да кайрылууга жооп бериле элек.

XS
SM
MD
LG