Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:59

Коргоо министрлигинде жарык жок


БИШКЕК . Коргоо министрлигинин аскерий жайлары, анын ичинде электр энергиясы менен такай камсыз болуп турушу зарыл болгон абадан коргонуу күчтөрү да электр энергиясынын өчүрүлүшүнөн жабыркоодо. Бул тууралуу министрликтин басма сөз катчысы Мирбек Койлубаев бүгүн билдирди. Анын айтымында, Канттагы орус аскерий базасы да электр жарыгысыз калууда. «Чыгышэлектро» жана «Түндүкэлектро» акционердик коомдору министрлик жаккан электр энергиясы үчүн бир нече миллион сом карыз болгондуктан жарыкты маал-маалы менен өчүрүүдө. «Коргоо министрлиги бир ай кечигип каржыланат, бизге каражат түшөөрү менен карыздарды төлөөгө аракет кылып жатабыз. Бирок, электр ишканалары бизден алдын ала төлөөнү талап кылууда», - дейт Мирбек Койлубаев.

XS
SM
MD
LG