ПРАГА. Transparency International уюму акыркы 20 жыл ичинде коррупцияга катышкан мамлекеттердин тизмесин жарыялады. Тизмеде Азия, Африка жана Латын Америка аймактарында жайгашкан өлкөлөр басымдуулук кылат. Мамлекет башчылардын катарында Индонезиянын мурдагы президенти Сухарто, Югославиянын мурдагы президенти Слободан Милошевич, Украинанын мурдагы премьер-министри Павло Назаренко бар. Уюмдун белгилешинче, мурдагы коммунисттик өлкөлөрдө азыр коррупция күчөп баратат. Мындан тышкары эларалык уюм Батыш Европа өлкөлөрүнө, Азербайжанга жана Кыргызстанга карата тынчсыздануусун билдирген.