Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:36

Европа биримдигинин саммити башталды


БРЮССЕЛЬ. Европа биримдигине мүчө мамлекеттердин жетекчилеринин жолугушуулары эки күнгө созулаары болжолдонууда. Бул аралыкта Европа биримдигинин Конституциясынын долбооруна байланышкан талкуу кайра жанданышы ыктымал. Мындай сунушту Ирландия өкмөт башчысы, биримдиктин азыркы төрагасы Берти Айэрн сунуштады. Талкуу добуш берүү боюнча пикир келишпестиктерден улам өткөн декабрда токтотулган.

Бул маселеден тышкары саммитте 11-марттагы Мадрид жардыруулары талкууга алынат. Ушундан улам отурумда терроризмге каршы күрөш боюнча биримдиктин тутумунда жетекчи дайындалышы күтүлүүдө. Бул структура 15 мүчө жана мүчөлүккө талапкер 10 өлкөнүн терроризмге каршы саясатын колго алат.

XS
SM
MD
LG