Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Март, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:36

Ясиндин өлүмү дүйнө коомчулугун тынчсыздандырууда


ДАМАСК. Хамас тобунун саясий жол башчысы Хэлад Машал (Khaled Mashaal) Шейх Ахмед Ясиндин өлүмү үчүн Израилден кек ала турганын дагы бир жолу эскертти. Ал өз сөзүндө премьер-министр Ариэл Шарон баш болгон Израил башчыларынан өч алуу Хамас согушчандарынын укугу жана милдети экенин белгиледи.

Бул аралыкта араб өлкөлөрү Ясиндин өлүмүн айыптаган чечим чыгарууну Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешине сунушташууда. Бүгүн кеч Коопсуздук Кеңеши Алжирдин сунушунун негизинде добуш берет. Алжир Кеңешке Ясиндин өлүмүн жана тынч жүргөн адамдарга карата жасалган бардык террордук кол салууларды айыптоо сунушун берген. Бул демилгени бүгүн Орусиянын тышкы иштер министрлиги да колдоду.

XS
SM
MD
LG