Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:37

Токтогул суу сактагычынын иш режими өзгөрсө, коңшулар да зыянга учурайт


БИШКЕК. Токтогул суу сактагычынын электр кубатын өндүрүү үчүн эмес, сугат режиминде иштөөсүнөн Кыргызстан жыл сайын 159 млн доллар зыян тартууда. Бул тууралуу депутат Сариев мындай деп айтты:
- Улуттук илимдер академиясынын суу институтунун эсептөөсү боюнча, Токтогул суу сактагычынын сугат режиминде иштөөсүнөн жыл сайын биз 159 миллион доллар жоготуп жатабыз. Токтогул суу сактагычынын астында сугат жердин калышынан улам 6.5 миллион доллар, энергетикалык режимде иштебей арзан электр кубатын өндүрө албагандыгынан улам 49 миллион долларлык чыгаша да тартып жатабыз. Бишкек ТЭЦинин тынымсыз иштөөсү да экологиялык зыянга учуратууда.
Анын маалыматы боюнча, эгерде Токтогул суу сактагычы электр кубатын өндүрүү багытында (энергетикалык режимде) иштей баштаса, анда коңшу мамлекеттер да зыянга кириптер болот. Маселен, Өзбекстан анда бир миллион гектардан ашуун сугат жеринен ажырап, жалпысынан 770 миллион доллар зыян тартат.

XS
SM
MD
LG