БИШКЕК. Бүгүн «АКИ-пресс» маалымат агенттигинде Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Темир Сариев Борбор Азия регионунун суу-кубат ресурстарын пайдалануу боюнча маалымат жыйынын өткөрүп, Кыргызстан бул багытта кызматташуу боюнча 1992-жылдан берки мамлекеттер аралык келишимдерди так аткаруу менен өзү зыян тартып жатканын билдирди. Маселен, көпчүлүгүн коңшулар пайдаланчу суу агындарына мониторинг жүргүзүү, бөлүштүрүү, сактоо жагын Кыргызстан өз эсебинен гана жүргүзүүдө. Сариевдин айтымында, өлкөнүн кызыкчылыгын коргоо үчүн суу саясатын өзгөртүп, Токтогул суу сактагычын электр кубатын өндүрүү багытында пайдалануу максатка ылайыктуу. Азыр өлкөнүн суу ресурстарын натыйжалуу пайдалануу боюнча мамлекеттик комиссия түзүлүүдө жана анын ишинин жыйынтыгында суу саясаты иштелип чыкмакчы.