Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:37

Эл өкүлдөр жыйыны сессиясын улантты


БИШКЕК. Бүгүн Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын XIX сессиясы ишин улантты. Бул күнү «Өкмөттүн түзүмү» жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү» жөнүндөгү мыйзамдын долбоору талкууланып, добуш бере келгенде ал өткөн жок. Палатанын депутаттар тобу тарабынан даярдалган ал долбоордо өкмөттүн түзүмү өзгөртүлгөндө кайра түзүлгөн мекемелерди жетектеген өкмөт мүчөлөрүнө макулдук берүүнү президент Жогорку Кеңешке сунуштайт деген беренени киргизүү сунушталган. Мындай мыйзам долбоору айрым депутаттардын «Палата «Өкмөт түзүмү» жөнүндөгү мыйзамда көрсөтүлбөгөн айрым өкмөт мүчөлөрүнө макулдукту кайсы мыйзамдын негизинде берет?» деген суроолорунан кийин иштелип чыккан эле. Бул маселеден кийин жыйын Улуттук банктын төрагасынын отчетун угуп, аны талкуулай баштады.

XS
SM
MD
LG