Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:55

"Ал-Каидадагы" экинчи адам Пакистан президентин бийликтен кулатууга чакырды


Катар мамлекетиндеги "Ал-Жазира" сыналгысы кечээ күнү "Ал-Каида" террордук уюмунда Усама бин Ладенден кийинки экинчи адам болуп эсептелинген Айман ал-Заваринин сөзүн обого чыгарды. Заваринин айтымында, генерал Первез Мушарраф жетектеген Пакистан өкмөтүн бийликтен кулатыш керек, анткени ал АКШ үчүн иштеп жатат. Эки аптадан бери Пакистан аскерлери ооган чек арасында жашынган террорчуларды жок кылуу аракеттерин көрүп жатат. Америкалык адистер азыр обого чыккан үн чындап эле ал-Завариники бекенин текшерүүдө.

XS
SM
MD
LG