Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:47

Израил тууралуу Бириккен Улуттардын резолюциясына АКШ вето салды


Бириккен Улуттардын Коопсуздук Кеңешинин Израилди сынга алган резолюциясына Америка Кошмо Штаттары кечээ күнү вето салды. Резолюция долбоорун араб мамлекеттери даярдаган жана ал - "Хамас" уюмунун руханий жетекчиси шейх Ахмед Ясинди жөөт аскерлери 22-мартта ракета менен атып өлтүргөнүн сынга алган. Коопсуздук Кеңешине мүчө 15 мамлекеттин он бири, алардын ичинде Испания, Кытай, Орусия, Франция долбоорду колдоду, үч өлкө - Алмания, Британия жана Румыния калыс калды, каршы чыккан АКШ гана болду. Америкалык өкүлдөрдүн айтымында, Израилди сынга алган менен кошо резолюция "Хамастын" террордук аракеттерин дагы сындаш керек болчу.

XS
SM
MD
LG