Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:41

Бишкек-Торугарт жолундагы кар көчкү тазаланып жатат


НАРЫН. Облус жетекчилери Бишкек-Торугарт жолунунун 289 чакырымына түшкөн көчкүнү тазалоону тездетүүгө чара көрүшүүдө. Анын себеби жазгы талаа иштери башталгандыктан сырттан келген күйүүчү, майлоочу майлар жана башка азык-түлүктөр жолдон өтпөй кымбаттоодо. Андыктан тездетпесек болбойт деп түшүндүрдү Нарын районунун акими Сактанбек Паязов. Ал эми 26-мартта чыккан губернатордун 63-буйругу менен Карүңкүр участогуна түшкөн кар көчкүлөр тазаланмайынча кечки саат сегизден таңкы саат алтыга чейин автоунааларды өтүүгө уруксат берилди. Бул жол менен каттаган айрым жүрүүчүлөр болсо көчкү тазалагандар өз кызыкчылыктары үчүн ишти солгундатышууда. Анткени автоунаалардан товаларды ташып өтүүдө белгилүү өлчөмдө акча алышууда деген пикирлерин айтышууда.

XS
SM
MD
LG