Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:52

Евробиримдик менен Кыргызстандын мамилеси талкууланды


БИШКЕК. Бүгүн Евробиримдик менен Кыргызстандын кызматташуусу боюнча комитеттин кезектеги бешинчи отуруму өттү. Анда Кыргызстан менен Европа Биримдигинин ортосундагы саясий, соода-экономикалык тармактардагы кызматташтыкты жакшыртуу, Кыргызстанга түз инвестицияларды тартуу жана башка маселелер талкууланды.
Жыйында ушул жылдын май айында өтөөрү күтүлүп жаткан Евробиримдиктин кеңеши эки тараптуу кызматташууларга өзгөртүүлөрдү алып келеби деген маселе да каралды. Жыйын Кыргызстандын тышкы иштер министринин биринчи орун басары Талант Кушчубеков менен Европа Биримдигинин тышкы байланыштар боюнча Комиссиясынын Кавказ жана Борбор Азия өлкөлөрү боюнча бөлүмүнүн башчысы Курт Юульдун теңтөрагалыгында өттү. Кыргызстан менен Европа Биримдигинин ортосундагы отурум жылына бир жолу кезек менен Бишкекте жана Брюсселде өтөт.

XS
SM
MD
LG