БРЮССЕЛ. Евробиримдиктин жетекчилери блоктун конституциясын кабыл алууга байланыштуу сүйлөшүүлөрдү кайра баштоо жөнүндө макулдашты. Белгиянын борборунда жолугушуп жаткан Евробиримдиктин лидерлери 17-июнга чейин конституциянын тексти тууралуу сүйлөшүү өткөрүшөрүн билдирип жатышат.
Конституцияда Евробиримдиктин мурдагы 25 өлкөсүнө кошумча дагы Борбордук жана Чыгыш Авропадан 10 мамлекет мүчөлүккө киргенден кийин Еаробиримдиктеги бийлик кандай бөлүнөөрү тууралуу жазылмакчы. Бул тууралуу сүйлөшүүлөр акыркы жолу декабрда болуп, өлкөлөр бир пикирге келбей токтотулган. Анда Польша Германия жана Францияга өтө эле көп бийлик берип жатат деп каршы чыккан.
Евробиримдиктин лидерлери бейшемби күнү блоктун террорго каршы иштер боюнча өкүлүнө Нидерланиялык Жиж де Врини дайындашты. Алар теоррор тууралуу маалыматтарды алын-ала бири- бирине берип туруу тууралуу да макулдашты.