ИСЛАМАБАД. Пакистандын жана АКШнын куралдуу күчтөрү Пакистандын Ооганстан менен чектеш жериндеги "ал-каидачылардын" согушчандарын колго түшүрүү боюнча аракеттерин күчөттү.
Пакистандын жана АКШнын ырасмий адамдары АКШнын өкмөтүнө кызмат кылып жатат деп Пакистандын президенти Первез Мушарафтын бийлигин кулатууга чакырган "ал-каидачынын" үн тасмасынын чындыгын текшерерин билдиришүүдө.
Ал үн тасманы "ал-Жазира" телеканалы көрсөткөн болчу. Үн - "ал-Каиданын" Усама бен Ладенден кийинки адамы Айман ал-Завахириники деген жоромол бар. Тасмадан ал адам Пакистандык күчтөргө каршы күрөшүүчүлөргө кайрылган.
Пакистандын маалымат министри согушчандарды кармоону чыңдоо үчүн кошумча күч жиберилээрин маалымдады. АКШнын ырасмий адамдары да АКШ өзүнүн Ооганстандагы 11 миң аскерине кошумча дагы 2 миң деңиз күчтөрүн жиберээрин кабарлады.