Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Июнь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:37

Бириккен улуттар уюмунун Коопсуздук кеңешининин чечимине АКШ вето койду


НЬЮ-ЙОРК. “Хамастын” лидери шейх Ахмед Ясинди өлүмү тууралуу Израилди айыптаган Бириккен улуттар уюмунун Коопсуздук кеңешининин чечимине АКШ вето койду. Бул чечим араб өлкөлөрүнүн сунушу боюнча кабыл алынган. АКШнын БУУдагы өкүлү Джон Негропонте АКШ Ясиндин өлтүрүлүшү тууралуу терең тынчсызаданат, бирок Хамас жүздөгөн израилдиктерди өлтүрүп жатканда мындай айыптаган чечим кабыл алынбагандыктан, АКШ бул чечимге вето коет деди:

- Америка Кошмо Штаттары бул чечимге каршы добуш берет. Анткени ал биздин оюбузча, “Хамастын" террордук аракеттерин айыптабайт. Анткени бул чечим Жакынкы Чыгыштагы чыр-чатактын маңызын чагылдырбайт. Анткени бул дүйнөнүн максатына коопсуздук жаатына туура келбейт, - деди Джон Негропонте.

Бул чечимге коопсуздук кеңештин 15 мүчөсүнүн 11 добуш беришти. Алардын арасында Орусия, Кытай, Франция, Пакистан, Испания жана Алжир бар. 3 мамлекет калыс. Алар Улуу британия, Германия жана Румыния.

Хамастын лидери Ахмед Ясин дүйшөбү күнү Израилдин аба чабуулунан каза болгон. Израил “Хамастын” башка жетекчилери да ушундай жол менен өлтүрүлөөрүн эскертип жатат.

XS
SM
MD
LG