Америкалык үч президенттин террор маселелери боюнча кеңешчиси болуп иштеген Ричард Кларктын 22-мартта сатыкка чыккан китебинин 550 миң нускасы сатылды. Китепти саткан дүкөндөрдүн талабы менен басмакана аны бир аптанын ичинде төрт жолу басып чыкты. Китепте Кларк президент Жорж Бушту сындап, Иракка каршы согуш баштоо менен ал эл аралык террорчулукка каршы күрөштү алсыраткан жана өкмөт 2001-жылдын 11-сентябрындагы террор аракеттеринин алдын ала алган эмес деп жазган.
Таңкы жаңылыктар түрмөгүн даярдаган - Нарын АЙЫП, Прага
Таңкы жаңылыктар түрмөгүн даярдаган - Нарын АЙЫП, Прага