Литванын президенти Роландас Паксаска каршы импичмент маселесин өлкөнүн Конституциялык соту карап бүттү жана жакын арада өз чечимин парламентке тапшырат. Ал чечимдин негизинде депутаттар президентке каршы импичмент жарыялоо маселесин чечет. Паксас өзүнүн президенттик антын бузган, бизнес иштерине кийлигишкен, жашыруун сырларды ачыкка чыгарган деп күнөөлөнүүдө. Өткөн аптада Паксас орусиялык ишкер Юрий Борисовду өзүнүн кеңешчиси кылып дайындады, антпегенде Борисов - президент жөнүндө өзгөчө маалымат таратам деп коркуткан.